Сүрөтүңө [Sürötüñe] [Transliteration]

Songs   2024-07-06 14:51:55

Сүрөтүңө [Sürötüñe] [Transliteration]

Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,

Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.

Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,

Неге сен, неге сен,

Неге сен түштүң экен күлүмсүрөп.

Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,

Сезимге бир башкача ой түшүрөт.

Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,

Калбай деп, калбай деп,

Калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.

Өппөдүм мен өппөйүн, өкүнүч көп,

Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп.

Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң,

Башкалардын, башкалардын,

Башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.

Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,

Же тытып сүрөтүңдү же өрттөмөк.

Мен тытпайм, күнөө сенде сүрөттө эмес,

Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң

Жүрө берсин күлүмсүрөп.

See more
Ayana Kasymova more
  • country:Kyrgyzstan
  • Languages:Kyrgyz, Russian
  • Genre:Pop
  • Official site:
  • Wiki:
Ayana Kasymova Lyrics more
Excellent Songs recommendation
Popular Songs
Copyright 2023-2024 - www.lyricf.com All Rights Reserved