Кыргыз жери [Kırgız Jeri] [Transliteration]

Songs   2024-10-05 09:19:20

Кыргыз жери [Kırgız Jeri] [Transliteration]

Алатоо ак калпагын кийген кезде,

Аскасы көк асманга тийген кезде,

Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,

Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.

Улуусуң кыргыз жери нурдан бүткөн,

Сулуусуң кыргыз жери ырдан бүткөн

Ысык-Көл жердин көзү, кырлар-кашы,

Адырлар-көкүрөгү, токой-чачы,

Дайралар-кан тамыры, чоку-таажы,

Седеби, топчулары-ар бир ташы…

Кең түздүү, гүл денелүү кыргыз жери,

Күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери.

Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,

Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде,

Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,

Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде -

Көркүңө көрк кошулат кыргыз жери,

Сезилет ата мээри, эне мээри.

See more
Salamat Sadıkova more
  • country:Kyrgyzstan
  • Languages:Kyrgyz, Russian
  • Genre:Folk
  • Official site:
  • Wiki:
Salamat Sadıkova Lyrics more
Salamat Sadıkova Featuring Lyrics more
Excellent Songs recommendation
Popular Songs
Copyright 2023-2024 - www.lyricf.com All Rights Reserved