Жүрөк сыздайт [Jürök Sysdayt] [Turkish translation]

Songs   2024-10-05 03:27:39

Жүрөк сыздайт [Jürök Sysdayt] [Turkish translation]

Не себептен, не себептен,

Бактылуу күн бузулат?

Туталанам, туталанам,

Көзүмдөн жаш сызылат.

Бакыт кушу, бакыт кушу,

Учуп кетти колумдан.

Ала кетти, ала кетти,

Сүйүү отун кокустан.

Кайырма:

Жүрөк сыздайт, жүрөк сыздайт,

Өткөн күндү эстесем.

Таттуу күндөр, таттуу күндөр,

Кетпей койду эсимден.

Издеп күтөм, издеп күтөм,

Сүйүүмдү мен алыстан.

Бирок сүйүүм, бирок сүйүүм,

Менден качат алыстап, алыстап.

Ойлономун, ойлономун,

Өткөн күндү элестетип.

Өкүнөмүн, өкүнөмүн,

Тагдырыма башым ийип.

Бар бакытты, бар бакытты,

Учурупмун колумдан.

Махабаттын көгүчкөнү,

Кайрылбайт го жолунан

See more
Kanykei more
  • country:Kyrgyzstan
  • Languages:Kyrgyz, Russian, Turkish
  • Genre:
  • Official site:http://www.kanykei.com/
  • Wiki:
Kanykei Lyrics more
Excellent Songs recommendation
Popular Songs
Copyright 2023-2024 - www.lyricf.com All Rights Reserved