Мекеним Менин [Mekenim Menin] lyrics

Songs   2024-10-05 03:30:06

Мекеним Менин [Mekenim Menin] lyrics

Сени сүйөм, сүйгөнүм сүттөн ак,

Сени сүйгөн тагдырга ырахмат.

Бул жашоого жаралуу бир бакыт.

Бактым сенсиң!

Эгер үшүсөң, мен сени калкалалайм,

Сага деген жанымды аябайм.

Аздектеген жашоомдун ак маңдайы.

Жаркыным менин!

Мен кубанам жашооңун барына

Сени менен бир болгон жазыма

Сага окшош менин да мүнөзүм ай

жөлөгүң болоюн

Мен кубанам өзүңдүн барына

Жашоомо дем берген таңына

Сен бар үчүн жашоо дагы нурданат

жашоо дагы нурданат

Гүлдөй-гүлдөй өмүрлөр жайнаган

Чексиз эркин жашооңо байланам

Тоскоолдукту сен үчүн жеңе алам

Кубатым сенсиң!

Кымбатсың сен баарынан туулган жерим

Кыйналып, алсырасам арка-белим

Өркүндөй бер, өсө бер Кыргызстаным

Мекеним менин!

See more
Kanykei more
  • country:Kyrgyzstan
  • Languages:Kyrgyz, Russian, Turkish
  • Genre:
  • Official site:http://www.kanykei.com/
  • Wiki:
Kanykei Lyrics more
Excellent Songs recommendation
Popular Songs
Copyright 2023-2024 - www.lyricf.com All Rights Reserved