Мөлмөлүм [Mölmölüm] [Russian translation]

Songs   2024-10-05 10:08:50

Мөлмөлүм [Mölmölüm] [Russian translation]

Беттин көркү нур менен,

Белдин көркү кур менен.

Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм,

Белгилүү болсун ыр менен.

Эки илебиң кызыл гүл

Aчылгандай, Мөлмөлүм.

Бир карасаң жүрөккө от

Чачылгандай, Мөлмөлүм.

Маңдай чачың Маргалаң

Жибегиндей, Мөлмөлүм.

Сенин ышкың баланын

Тилегиндей, Мөлмөлүм.

Өтүмдүүсүң Өзгөндүн

Күрүчүндөй, Мөлмөлүм.

Созулганың зергердин

Күмүшүндөй, Мөлмөлүм.

Майиндигиң жоргонун

Жүрүшүндөй, Мөлмөлүм.

Гүлзар кылчы жүрөктүн

Какшып жаткан чөлдөрүн.

Күйдүм, Мөлмөл, аппагым,

Ааламдан сендей таппадым.

Издеп-издеп күн-түнү

"Мөлмөлүм!" деп какшадым.

Секин баскан бутуңдан,

Сейдана мончок жытыңдан.

Кадам койгон бутуңдан,

Калемпир мончок жытыңдан.

Чыныга куйган бал болсоң,

Чымындай ага малынсам.

Чыга албай жатып ошондо,

Чын өзүңө багынсам.

Чыгарып койсоң боор ооруп,

Чырагың болуп жагылсам.

Алты оролуп мойнуңа мен,

Ак маржан болуп тагылсам.

Берейин десем малым жок,

Мал табууга алым жок.

Кедейликтин дартынан,

Тышым жалын, ичим чок.

Бирок да мунун баарына

Карабайт экен көңүл шок.

Көрүнүп койсоң бир жолу,

Булуттан чыккан айга окшоп.

See more
Mirbek Atabekov more
  • country:Kyrgyzstan
  • Languages:Kyrgyz, Russian
  • Genre:
  • Official site:
  • Wiki:
Mirbek Atabekov Lyrics more
Mirbek Atabekov Also Performed Pyrics more
Excellent Songs recommendation
Popular Songs
Copyright 2023-2024 - www.lyricf.com All Rights Reserved